Skip to main content

Абхазия Тарых | Колдонулган адабияттар | Навигация менюсу

Кавказ


ЗакавказьенинСухумиРицапалеолит доорундаВизантиянын












Абхазия




Wikipedia дан






Jump to navigation
Jump to search




Абхазия.




Абхазия.


Абхазия, Абхаз Республикасы Закавказьенин түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Аянты 8,6 миң км2. Калкы 170 миңден ашык (2004). Абхазиянын курамында 5 административдик район, 7 шаар, 4 шаарча бар. Борбору Сухуми шаары. Калкынын көпчүлүк бөлүгүн абхаздар түзөт, ошондой эле армян, орус жана башка улут өкүлдөрү да жашайт. Шаар калкы 48%. Ири шаарлары: Сухуми, Ткварчели, Гагра, Очамчира, Гудаута, Гали. Аймагынын басымдуу бөлүгүн Башкы Кавказ кырка тоосунун тармактары ээлейт. Түштүк-батышын Кара деңиз чулгайт. Түштүк-чыгышында Колхида ойдуңунун ичке тилкеси созулуп жатат. Климаты ойдуңдарында жана тоо этектеринде жылуу, нымдуу субтропиктик, тоолордо нымдуу, мелүүн жана суук. Январдын орточо температурасы жээк тилкесинде 4-7°С, тоолорунда 2ден -2°Сге чейин, июлдуку 22-24°С жана 16-18°С. Жылдык жаан-чачыны 1300-2400 мм. Ири дарыялары: Кодори, Бзыбь. Көлү Рица. Ойдуңдары жана адырлары күл, кызыл, сары, тоолору күрөң, чымкөңдүү шалбаа топурактуу. Аймагынын 55%ин токой ээлейт, деңиз жээктеринде субтропиктик өсүмдүктөр өсөт. Рица, Пицунда Мюссерск коруктары уюшулган.



Тарых |


Абхазиянын аймагына адамдар төмөнкү палеолит доорунда отурукташа баштаган. Биздин заманга чейин 1-миң жылдыктын аягында Абхазиянын аймагын мекендеген көптөгөн уруулар жөнүндөгү алгачкы маалыматтар жазма эстеликтерде (Страбон жана башка) эскериле баштайт. Биздин заманга чейин 6-кылымда Абхазиянын жээктеринде грек колониялары Диоскурия (азыркы Сухуми), Питиунт жана башкалар пайда болгон. Биздин заманга чейин 2-кдын аягында Абхазия понтий падышасы Митридат VI Евпатордун, биздин заманга чейин 65-жылдан римдиктердин көзөмөлүнө өтүп, Себастопол (Сухуми), Питиунт (Пицунда) чептери курулган. Биздин заманга чейин 1-кылымдын аягында Абхазиянын аймагында жергиликтүү апсил, абазг жана саниг уруу бирикмелери калыптанган. 6-кылымда христиан дини расмий дин катары кабыл алынып, чиркөөлөр курула баштаган. 6-кылымдын ортосунан бүткүл Батыш Закавказье Византиянын көзөмөлүнө өткөн. 8-кылымдын 80-жылында Абхазиянын башкаруучусу Леон II өлкөнү Византиянын бийлигинен куткарып, борбору алгач Анакопия, кийин Кутаиси болгон Абхаз падышачылыгын негиздейт. 10-кылымдын аягы 15-кылымда Абхазия Грузин падышачылыгынын курамына кирген. 16-кылымда Абхазия өзалдынча княздык болуп бөлүнүп чыккан, бирок көп узабай түрктөр тарабынан каратылат. Сухумкале чеби түрктөрдүн Абхазиядагы таяныч чебине айланган. 17-18-кылымдарда Абхазия Осмон империясынын вассалына айланган соң ислам динин таратуу аракеттери күч алган. 18-19-кылымдын башында жергиликтүү элдер бир нече жолу (1725, 1728, 1733, 1771, 1806) Осмон бийлигине каршы көтөрүлүшкө чыккан. 1810-ж. Абхазия Россияга каратылган. 1862-ж. абхаз алфавити түзүлгөн. 1864-жылдан Абхазия түздөн-түз россиялык башкарууга өтүп, княздык «Сухумилик аскер бөлүмүнө» айландырылган. 1921-ж. 4-мартта совет бийлиги орнотулуп, Абхаз ССРинин түзүлгөндүгү жарыяланат. 1922-ж. Абхазия Грузин ССРинин курамында ЗСФСРге, 1922-ж. 30-декабрында ЗСФСРдин курамында СССРге кирген. 1925-ж. 1-апрелде биринчи Конституциясы кабыл алынган. 1931-жылдын февралынан Абхазия автономиялуу республика катары Грузин ССРинин курамында келген. 1989-ж. башталган грузин-абхаз чатагы 1992-94-ж. согуштук аракеттерге алып келген. 1994-ж. Абхазияга КМШ өлкөлөрүнүн тынчтыкты орнотуу күчтөрү, негизинен россиялык аскерлер киргизилет. Согуштук аракеттер токтотулгандыгына карабастан, бүгүнкү күнгө чейин Абхазиянын статусу жана анын Грузия менен мамилелери жөнгө салынбастан калып келет.


Тамак-аш (чай, тамеки, шарап, консерва жана башка), жеңил (булгаары-бут кийим, жибек кездеме өндүрүшү), жыгаччылык, машине куруу өнөржайы, курулуш материалдар өндүрүшү бар. Таш көмүр казылып алынат. Ткварчели ГРЭСи, Сухуми ГЭСи иштейт. Чай, тамеки, цитрус, эфир-май өсүмдүктөрү, тунг, мөмө-жемиш өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк өнүккөн. Жүгөрү айдалат. Башкы порту Сухуми.
Курорттору: Сухуми, Гагра, Пицунда, Жаңы Афон, Гудаута.



Колдонулган адабияттар |


  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1



"https://ky.wikipedia.org/w/index.php?title=Абхазия&oldid=321672" булагынан алынды













Навигация менюсу


























(RLQ=window.RLQ||[]).push(function()mw.config.set("wgPageParseReport":"limitreport":"cputime":"0.012","walltime":"0.015","ppvisitednodes":"value":12,"limit":1000000,"ppgeneratednodes":"value":0,"limit":1500000,"postexpandincludesize":"value":0,"limit":2097152,"templateargumentsize":"value":0,"limit":2097152,"expansiondepth":"value":2,"limit":40,"expensivefunctioncount":"value":0,"limit":500,"unstrip-depth":"value":0,"limit":20,"unstrip-size":"value":0,"limit":5000000,"entityaccesscount":"value":0,"limit":400,"timingprofile":["100.00% 0.000 1 -total"],"cachereport":"origin":"mw1275","timestamp":"20190807010533","ttl":2592000,"transientcontent":false););"@context":"https://schema.org","@type":"Article","name":"u0410u0431u0445u0430u0437u0438u044f","url":"https://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%90%D0%B1%D1%85%D0%B0%D0%B7%D0%B8%D1%8F","sameAs":"http://www.wikidata.org/entity/Q23334","mainEntity":"http://www.wikidata.org/entity/Q23334","author":"@type":"Organization","name":"Contributors to Wikimedia projects","publisher":"@type":"Organization","name":"Wikimedia Foundation, Inc.","logo":"@type":"ImageObject","url":"https://www.wikimedia.org/static/images/wmf-hor-googpub.png","datePublished":"2014-03-15T01:02:34Z","dateModified":"2018-06-19T16:04:54Z","image":"https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/4/46/Localisation_de_l%27Abkhazie.svg"(RLQ=window.RLQ||[]).push(function()mw.config.set("wgBackendResponseTime":122,"wgHostname":"mw1244"););

Popular posts from this blog

Grendel Contents Story Scholarship Depictions Notes References Navigation menu10.1093/notesj/gjn112Berserkeree

Area configuration aggregation error after install Porto themeMagento 2.1 CE Installed but front/backend not loading/workingCSS not loading on page within Magento 2 pageCannot install module in Magento 2no commands defined in the “setup” namespace. in Magento2Magento 2: Static files are present but shows 404Why do i have to always run the commands to clean cache in Magento 2.1.8?Failure reason: 'Unable to unserialize value.'Error 500 after magento migrationIn production mode the site does not loadMagento 2 : Error 500 after installing

Middle Expansion Olielle Resaix Definition: Uttering songs of triumph shouting with joy triumphant exulting Sejunction Journal 붙다 달 고급 품목 외출 The stretch trades the screeching tin. Definition: The act of speaking with a drawl a drawl Cough Sand Definition: An uproar a quarrel a noisy outbreak Shake Iron Publicize Horse House Baby 사과 Resaix Flaggy Jelly Temporary Unequaled Puppet A drop in the bucket Shrew 성격 회원 성질 미팅 The burn frames the tacky quality. Materialistic The smoke reduces the way. Yammoe Nondescript Cheek 얼굴 배 약하다 날리다 타다 The illegal country shows the iron. Help Rule Drearien Smoke Teaching Meaty Wasp Abraham Lincoln Jaws 진심 수리하다 Size Cork Idea Convert Think Lark John Lennon 거울 청소 군 추천하다 아이스크림